Биз менен байланышыңыз

Азамат Жаманкулов Маданият министри болду

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 789 | 0

Азамат Жаманкулов маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Азамат Жаманкуловду бул кызматка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Ал буга чейин министрликтин алдындагы Туризм департаментин башкарып келди.

Белгилей кетсек, 17-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Бакытбек Секимовго жүктөлгөн.

Буга чейинки министр Султанбек Жумагулов 8-октябрга караган түнү оорудан улам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM