Биз менен байланышыңыз

Иса Өмүркуловдун «КСДП Атамбаевсиз» ураанын колдогону айтылды

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 604 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун «КСДП Атамбаевсиз» урааны менен аймактарды кыдырып жүргөн активисттер менен жолукту. Бул тууралуу активисттердин бири Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Ал эми КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партиянын айланасында дайыма чыккынчылар менен душмандар болуп келгенин айтып, партияны бөлүштүрүүгө кызыкдар адамдардын  колунан эч нерсе келбей турганын билдирди.

Иса Өмүркулов өзү бул боюнча маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократтар партиясын башкарууга моралдык укугу жок деген мааниде Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында жыйындар өткөрүлгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM