Биз менен байланышыңыз

Психиатриялык мекемелерде бир бөлмөдө 10-14 бейтап жатат

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 486 | 0

Былтыр 46 убактылуу кармоочу жай текшерилип, анда 48 сааттан көп кармалган жарандар бар экени аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун башчысы Нурдин Сулайманов парламент жыйынында айтты.

Ошондой эле ал жайларда санитардык абал, жылуулук жана башка шарттар боюнча жылыштар бар экени, бирок видео-камералар менен камсыздоо маселеси тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын талаптарына жооп бербей тургандыгы белгилүү болду.

Текшерилген 7 психиатриялык мекемедеги бир бөлмөдө 10-14төн бейтаптар жайгашкандыгы ачыкталган. Бул жайларда психотерапия жоктугуна байланыштуу дары менен дарылоо жүзөгө ашырылат.

Муну менен катар кыйноо фактыларынын саны көбөйүп жаткандыгы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM