Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Абылгазиев Өтмөктөн ары өтө элек

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 631 | 0

Парламент депутаты Рыскелди Момбеков Таласта төө буурчактын баасы төмөндөп, 25 сомго түшкөнүн айтты. Ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөт башчы бул жагдайга көңүл бурбай жатканына нааразы болуп, ал Таласка акыркы жолу 2 жыл мурун барганын эске салды.

Жакында президент Таласка барганда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылып, 25 мамлекеттин өкүлдөрү келгенде өзүм сурагам, алар төө буурчактын баасын 40-60 сомдон алабыз деп айтышкан. Бирок учурда 25 сомго түшүп кетти. Президент картошканын баасы боюнча маалымат алды, өкмөт башчы эмне үчүн төө буурчактын баасына көңүл бөлбөйт?

Эл өкүлү Талас эли төө буурчагын сата албай банкрот болуп жатканын, буга тез арада чара көрүү керектигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, төө буурчактын баасы акыркы жолу 2011-жылы 25 сомго чейин төмөндөгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM