Биз менен байланышыңыз

Бакыт Шаршембиев: Момбековду сотко бердим

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 1168 | 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековду сотко берди. Бул тууралуу ал “Маралга” берген маегинде айтып, 23-октябрда Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна арыз жазганын кабарлады.

Эске салсак, буга чейин депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында Бакыт Шаршембиевдин 8 кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыккан. Шаршембиев муну кара пиар катары баалап, 100 пайыз жалган жалаа деп жатат.

Депутат айткан документтерде менин атым бар, эки кылмыш иши боюнча документте менин да атым аталат. Бирок ага менин күбө катары гана тийиштигим бар. Муну тактабай туруп жалган жалаа жабууда. Сотко кайрылдым, мага акчанын деле кереги жок. Соттун чечими менен акча төлөнүп берилсе, аны балдар үйүнө деле берип коем. Болгону менен кадыр-баркым жөнүндө сөз болуп жатат.

Коушмчалай кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Бакыт Шаршембиев бир катар кылмыш иштери боюнча күбө катары өтүп жатканын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM