Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Селсаяктар убактылуу турак жай менен камсыздалат

Коом | 25 Окт 2018 | 1100 | 0

Ысык-Көл облусу боюнча Каракол шаарына келген селсаяктар кышында жыл сайын  турак жай, ысык тамак менен камсыз болуп келишкен. Быйыл да, алардын өмүрүн сууктан сактап калуу максатында жатакана маселеси каралууда.

Акыркы бир аптадан бери Каракол шаарындагы үйү жок адамдар «Кызыл Ай» коому уюштуруган жатаканага кайрыла башташты. Себеби 2013-жылдан бери көчөдө түнөгөн адамдарды кыштан чыгарууга турак жай, ысык тамак менен камсыз болорун  алар жакшы билишет. Бул жолу түрмөдө отуруп чыкан, пенсия курагындагы  Гүлжаз Ногманова баш калкалоого жайы жок экендигин айтып, аталган коомдун эшигин  какты. Ал азыркы тапта өткөрүп жаткан  кыйынчылыктарын мындайча айтып берди.

 Менин эч кимим жок калды. Биринчи жолдошум мурда каза болуп калган.  Улуу балам болсо Пристань кыштагында турат, мага каралашпайт.  Ал эми 8 жашар кызым балдар үйүндө тарбияланууда. Мен абактан бошоп чыкканымда экинчи күйөөм уруп согуп, күн көргөзбөй койгонунан улам, көчөдө калдым. Колумда күбөлүгүмдөн башка документим жок. Күн жылуу учурунда билинбей жаткан. Азыр чындыгында көчөдө түнөөгө мүмкүн эмес. Эптеп картон төшөп бир жерге баш калкалайын дейм, суукка чыдабай койдум. Акыры айлам кетип, бул жакка кайрылууга туура келди. Оорукчан болуп калбасам деп корком, кыштан чыгууга бир бөлмө болсо жакшы болот эле.

«Кызыл Ай» коомунун Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү  20 орунга эсептелген 2 бөлмөлүү турак жай иштетет. Эми бул жылга карата 2 маал  ысык тамак маселеси демөөрчүлөрдүн жардамы менен чечиле турган болду. Ошондой эле бөлмөлөрдү жылытылып, ысык суу менен камсыз кылууга шаардык мэрия акча бөлөт. Бирок учурда кабыл алуу токтотулуп турганын аталган коомдун кызматкери Таалай Байзаков билдирди.

-Азыр күн суук боло баштаганына байланыштуу борборубузга 2 киши келип түнөп кетип жатышат. Бир маал ысык чайын өзүбүздүн эсебибиз менен уюштуруп жатабыз. Бирок башка жарандар да келип  кабыл алууну качан баштайсыӊар деп суранып жатышат. Биз азыр мэриянын чечимин күтүп жатабыз. Анткени алар акча бөлсө убактылуу турак жайда иштей турган 3 адамдын айлыгына, 100 литрик суу ысыткычка жана жылуулук үчүн электр энергиясына жумшайт элек. Былтыркы жылы 3 айга 8 миӊ сом карашкан. Бул жылы кыш эрте түшкөндүктөн андан да көп каражат керектелүүсү мүмкүн.

Быйылкы кыштан чыгуу үчүн Каракол шаарына жер-жерлерден келген 100гө жакын көчөдөгү адам баш калкалап кетүүсү күтүлүүдө. Анткени 2017-жылы 3 айдын ичинде жалпы 115ке чукул адам кабыл алынып, айрымдары үйлөрүнө жеткирилген. Эӊ негизги максат турак жайы жок жарандарды кыштан чыгарып, алардын көз жумуусуна бөгөт коюу болу саналарын Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова айтты.

Жылдагыдай эле бул жылы да селсаяктар үчүн кышкысын баш калкалай турган жайды ачууга камданып жатабыз. Бирок бардык маселе каражатка барып такалып калат. Келерки жумада депутаттар сессия өткөрүшөт. Анда бул маселе каралат. Эгер чечилсе бардыгы өз орду менен  иш алып барылат.

Маалымдай кетсек, 2017-жылы үй жайы жок адамдар декабрь айынан февралдын ортосуна чейин атайын жатканада баш калкалашкан. Бул жылы жатакана менен камсыз кылуу 4 айга пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM