Биз менен байланышыңыз

Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 525 | 0

Бүгүн, 24-октябрда Биринчи Май райондук соту Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карады. Анда Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн дагы бир айга узартуу чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев кабарлап, экс-мэр 20-ноябрга чейин тергөө абагында болорун айтты.

Эске салсак, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM