Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев: Быйыл 15 миңден ашык кылмыштын бети ачылган

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 765 | 0

Быйыл тогуз айда республика боюнча укук коргоо органдары тарабынан 22 миң 948 кылмыш катталган. Ал эми ички иштер органдары тарабынан 20 миң 401 кылмыш катталып, ал кылмыштын жалпы санынын 88,9 пайызын түздү. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, катталган кылмыштардын 15 миңден ашыгынын бети ачылган. Андан сырткары 1538 кылмышкерлерден турган 613 ар кандай кылмыштуу топтор кармалган. Алар тарабынан чукул оор жана өзгөчө оор кылмыштар жасалган. Анын ичинде ар кандай кылмыштарды жасагандыктары үчүн 181 уюшкан топтордун субъектилери кармалып, кылмыш жоопкерчиликтерине тартылууда.

Кармалган кылмышкерлер тарабынан ондогон карактоолор, тоноолор, адам өлтүрүүлөр, ири суммадагы уурулуктар жасалгандыгы далилденди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM