Биз менен байланышыңыз

Баткендеги Шамбесай алтын кенинде абал туруктуу

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 679 | 0

Баткендеги Шамбесай алтын кенинин айланасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында жайгашкан Шамбесай алтын кенин иштетүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин экологиялык эксперти, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Кадамжай районун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, 60ка жакын жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда жергиликтүү тургундардын арасынан кенди иштетүүгө каршы экендигин билдиргендер болгон.  Ички иштер кызматкерлери тарабынан коомдук тартип сакталып,мыйзам бузууларга жол берилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM