Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Жакында Ачык Өкмөттү түзүү боюнча конкреттүү натыйжалар чыгат

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 622 | 0

Жакынкы айларда Ачык Өкмөттү түзүү боюнча конкреттүү натыйжалар жарыяланат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  «Ачык Өкмөт» Улуттук иш-аракеттер планынын бет ачары боюнча конференцияда айтты.

Абылгазиев бийликтин ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп 2017-жылдын ноябрында расмий түрдө «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнүн мүчөсү болгонун билдирди. 2018-жылдын 16-октябрында иш пландар бекитилген.

2017-жылдын 21-ноябрында Кыргызстан Open Government Partnership (OGP) өнөктөштүгүнүн 75-катышуучу өлкөсү катары расмий түрдө кабыл алынган.

Ал айкындуулукту, жарандардын укугун жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү, коррупцияга каршы күрөшүүнү жана башкарууну күчтөндүрүү үчүн жаңы технологияларды пайдаланууну камсыздоо боюнча өкмөттөрдүн милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM