Биз менен байланышыңыз

«Ачык өкмөттү» мамлекет жеке өзү ишке ашыра албайт

Саясат | 23 Окт 2018 | 942 | 0

Бүгүн «Ачык өкмөт» программасына байланыштуу эл аралык уюмдардын катышуусунда жыйын өттү. Анда бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук системага өтөөрү айтылды. Муну ишке ашырууга эл аралык уюмдар жардам берүүгө даяр экенин айтышты. Ошону менен бирге Бишкектеги өкмөт үйүндө “Ачык өкмөт” инсталляциясы орнотулду.

Бишкекте “Ачык өкмөт» программасына байланыштуу улуттук форумдун жыйыны болду. Отурумда аталган форумдун ишинде бекитилген 18 демилге кабыл алынды. Демилгелерди ишке ашыруу боюнча эки жылдык план иштелип чыккан. Бул тууралуу Улуттук форум катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев билдирди. Анын айтымында, бекитилген планга ылайык форум ай сайын жыйынга чогулуп турат. Анда коомчулукта резонанс жараткан маселелер талкууланат.

-Өлкөдөгү башкаруу системалары ачык болсо коррупция да жоюлуп, мамлекеттик кызматкерлер өз ишин мыйзамдын чегинде аткарууга аракет кылат. Бүгүн эки жылдык пландын бет ачарын кылуудабыз. Анда бардык иш-чаралар жана жооптуу кызматкерлер жазылган. Бул программаны коомчулукка да чыгарабыз.

Отурумдун жүрүшүндө эки жылга иштелип чыккан план боюнча презентация болду. План комплекстүү болуп саналып, анын ичинде иштин бардык чөйрөлөрү камтылган. Тагыраагы, жарандар менен өкмөттүн ортосундагы өз ара катыш, министрликтердин маалыматтарынын бар болушу, соттук системанын ачыктыгы, шайлоолор жана саясий каржылоо, мурда жашыруун болгон архивдик маалыматтардын ачыкка чыгышы жана башкалар бар. Мунун негизинде коррупция азайып, соттук отурумдар ачык айкын өткөрүлүшү убадаланды.

Буга чейин өкмөт өзүнүн чечими менен «Ачык өкмөт» программасын ишке ашыруу үчүн форум түзгөн. Ал форумдун түзүмүнө жарандык коом, депутаттардан жана өкмөттүн, президенттин аппаратынан 38 адам кирген.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып баруусу үчүн шарттарды түзүү боюнча демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды. Анын айтымында, планды мамлекет эл аралык өнөктөштөр, жумушчу топтор жана депутаттардын колдоосу жок ишке ашыра албайт.

-Ошол себептен бардык жарандарды, бейөкмөт уюмдарды, бизнес-түзүмдү, ишкерлерди аталган ишти аткарууга толук катышууга чакырам. Биз мамлекеттик башкарууда демократия жана ачыктык бири-бири менен тыгыз байланышта экенин унутпашыбыз керек. Заманбап коомду түзүүдө бул ийгиликтин ачкычы.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева эки жылдык программаны аткарууда бюрократияга алдырбоого чакырды.

-Эки жылдын аралыгында биз ушул кадамдарды аткарабыз деп жатып өзүбүздүн энергиябызды, каалообузду, жүрөктөгү жигердүүлүктү жоготпообуз керек. Акырында Кыргызстанда жашаган ар бир адамдын жашоосу, бийликке жана өкмөткө болгон элдин ишиними өзгөрүүсү керек.

«Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева планда бекитилген иштерди кубаттап, буларга токтолду.

-Өкмөт жакшы иштейм деп жарыя кылганы жакшы болот. Бул сөз айтылды, эми биз аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылып, чын эле ачык, айкын иштеп жатканын элге жарыялашыбыз керек. Сайтка токтомдордун долбоорлору жайгаштырылат экен. Аны көрүп талкуулай алабыз. Мурда кабыл алынган токтомдорду көрүүгө колубуз жетпейт болчу. Бул мага жакты.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Ачык өкмөт» өнөктөштүккө өз ыктыяры менен 2017-жылдын ноябрь айында кошулган. Анын алкагында «Ачык маалыматтар» саясаты иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу, инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча убадалар берилген.

Copyright © 2017 Maral FM