Биз менен байланышыңыз

Өкмөт “Мегакомду” сатуудан баш тартты

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 850 | 0

“Мегаком” компаниясы менчиктештирүү программасына киргизилген жок. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Ренат Түлебердиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы менчиктештирүү программасы өкмөт тарабынан бекитилип, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Бирок “Мегаком” компаниясы эмне себептен сатылбай турганы тууралуу түшүндүрмө бериле элек.

Белгилей кетсек, Мүлк фонду “Мегаком” фомпаниясын бир нече жолу аукционго койгон. Бирок эч бир инвестор ага кызыкдар болгон эмес. Ал эми түз сатып алуу боюнча компанияга бир гана билдирүү орусиялык ишкерден түшкөн. Анын койгон талаптарына канааттанбай, фонд ал менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM