Биз менен байланышыңыз

Сокулукта мыйзамсыз спирт ичимдиктерин чыгаруучу цех табылды

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 653 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз спирт ичимдиктерин чыгаруучу цех табылган. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлайт.

12-октябрда министрликтин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, Ново-Павловка айылында мыйзамсыз спирт ичимдиктерин чыгаруучу жана өндүрүүчү цехти аныкташкан. Ал жерде:

25 литр көлөмүндөгү 9 канистра спирт, акциздик маркалары жасалган жана акциздик маркалары жок даяр ичимдиктер, бөтөлкөлөрдү бекитүүчү капкактар, кутучалар, мүшөктөр, даяр акциздик маркалар, 3500 бош бөтөлкө табылган.

Бардык материалдар Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM