Биз менен байланышыңыз

Чагымчыл маанидеги видеороликтерди тараткан адам кармалды

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 625 | 0

Чагымчыл маанидеги видеороликтерди тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

22-октябрда УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында  30 жаштагы А.А. аттуу Баткен облусунун тургуну кармалды. Ал «WhatsApp» аркылуу 100 абонент катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштыргандыгы аныкталды.

Ал 2010-жылдагы окуяларда өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз улутундагы адамдарды сабап, жана ошондой эле кыргыз улутундагы жаш балдар өзбек улутундагы адамдарды сабагандыгы үчүн, кечирим сураткан 2010-жылы тартылган видео роликтерди жайылткан. Сурак маалында кармалган жаран күнөөсүн моюндады.

Топтолгон материалдар УКМКнын тергөө органдарына жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттерге баргандар төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM