Үстүбүздөгү жылдын 9 айы ичинде Кыргызстанда 22 миңден ашык кылмыш катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлайт.
Бул бардык кылмыштардын 89 пайызын түзөт. Анын ичинде 15 минден ашык иштин бети ачылган.
ИИМдин тергөө кызматы 18 миң 500 иш козгогон. Анын 12 минден ашыгы сотко өткөрүлгөн.