Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы айрым жолдорго акы алынат

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 523 | 0

Кыргызстандагы үч ири жол акы төлөнүп өтө турчу жол болот. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин башкы адиси Мухтар Нурлан уулу билдирди. Анын айтымында, учурда пилиоттук долбоор катары:

-Бишкек –Ош жолунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол;

-Кара-Балта- Чалдыбар жолу;

-Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кубакы- Балыкчы жолун кыскартуу үчүн Кубакы ашуусу акы төлөнүп өтүүчү жол болмокчу.

“Ушул негизги үч жолду пилоттук кылып киргизебиз. Жакшы натыйжа берсе, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун дагы акы төлөнүүчү жолдорун катарына киргизүү боюнча, пландар бар”- деп айтылат маалыматта.

Бирок азырынча ар бир автотраспорттон канча сомдон акы алынаары тууралауу так механизм иштелип чыга элек. Жакынкы убакытта автоунаанын көлөмүнө, тибине жараша акынын суммасы иштелип чыгат. Андан соң коомдук талкууга коюлуп, элге маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM