Биз менен байланышыңыз

Быйыл Өзбекстанга 400 млн кВт/саат электр энергиясы экспорттолду

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 610 | 0

Жыл башынан бери Өзбекстанга 16 млн долларга 400 млн кВт/саат электр энергиясын экспорттолгон. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу экспорт саатына 450 млн кВт азайган. Анын себеби 2017-жылы Токтогул суу сактагычында суунун келиши көбүрөөк болгон. 2018-жылдын январь-сентябрь айларында электр энергияны чыгаруу 10,8 млрд кВтс түзүп, 2017-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 0,6 пайызга көбүрөөк болгон.

Ушул жылдын 17-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,2 млрд кубометрди түзөт. Бул былтыркыга салыштырмалуу  256 млн кубга азыраак. Буга себеп катары быйыл Нарын дарыясындагы суунун агып келиши көп жылдык орточо деңгээлден төмөн болгону менен түшүндүрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM