Биз менен байланышыңыз

Ошто 44 жаштагы аял уксус ичип алды

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 654 | 0

Ош облусунда аял өз өмүрүнө кол салганы кабарланды. Анын артында 5 баласы калды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 17-октябрда болгон. 44 жаштагы аял өз үйүндө уксус ичип алган. Кызы тез жардам кызматын чакырган, бирок ооруканада аял өзүнө келбей жан берген.

Маалыматтар боюнча аялдын жолдошу иштечү эмес. Материалдык абалы өтө оор болгон.

Маркумдун туугандары экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты. Укук коргоо органдары тарабынан текшерүү жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM