Биз менен байланышыңыз

Кыргыздардай дүркүрөтүп той «бере албаган» европалыктар

Блог | 22 Окт 2018 | 1861 | 1

Манат Сулайманова азыркы учурда Швейцарияда жашайт. Ал Европа өлкөлөрү өнүккөн деп сыпатталганы менен ал жакта ашыкча чыгым болбостугун, той-топурлар да тар чөйрөдө эле өтөрүн баяндаган. Бул тууралуу анын чакан блогун сиздерге сунуштайбыз.

Дасторкондун тегерегинде дүйнөдө болуп жаткан орчундуу окуялар, күнүмдүк турмуш туурасында көп сөз болот. Саясаттан баштап, театр, спортко чейин талкууланат. Столдун үстүндө сөзсүз үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары отурушат. Кичине бөбөктөрдүн да, сөзгө аралашып өзүнүн оюн билдирүүсү, ата-энеси же жакындары тарабынан кубатталып турат. Баланын жаш курагына карабай анын менен маектешип, суроо берип, анын айткандарын ортого салышып, аны менен чоң кишидей суйлөшүп, баланын мүнөзүнүн калыптанышына көмөктөшүшөт. Ошол үчүн да Европадагы балдар тартынчаак эмес, оюн так билдире алган инсан болуп калыптанышат деп ойлойм. Чогулгандардын арасына башка улуттун өкүлү кошулуп калса, анда анын мекени, тили, маданияты, салт-санааларын сурап, ага карата болгон кызыгуусун билдирип турушат.

Мен байкагандан, китепти колуна эрте алганданбы, айтор, 3-4 жаштагы балдар динозавр доорундагы жан-жаныбарлардын аттарын, эмне менен тамактанып, кантип жашагандарын туура, так, кадимки китептегидей кызыктуу айтып бере алышат. Айтмакчы, сиз барган үйдө кичине балдар болсо, белекке сөзсүз китеп ала барууңуз абзел. Ал китептин мазмунун алдын ала билип алган да дурус болот. Себеби жеткинчек сизден эмне үчүн бул китепти тандаганыңызды капилеттен сурап калуусу толук мүмкүн. Андан башка конокко баратканда сөзсүз шоколад же үйдө даярдалган торт, пирогдорду ала барганды туура көрүшөт.

Эгерде туулган күн же үйлөнүү той болсо, анда ресторанга бир кечки тамакка жолдомо же белгилүү бир дүкөндүн акча салынган картасы белекке берилет. Жер тамда жашагандарга атайын идишке өскөн гүлдү көтөрө келишет. Бир дасторкондо ашып кетсе 2 же 3 үй-бүлө чакырылат. Андан көп болсо, чоң салтанат катары бааланып, ресторанда өткөрүшөт. Албетте, Кыргызстандагыдай 300 кишиден кем эмес тойду бул жакта элестетүү кыйын. Үйлөнүү тойго деле ашып кетсе он чакты эле адам катышат. Эки тараптын ата-энеси, ага-ини, эже-сиңдилери анан никеге күбө катары дагы эки киши эле болот. Мындай майрамды жеке салтанат катары эсептеп, өтө тар чөйрөдө белгилешет. Эң негизгиси, дасторконго ыксыз салат, таттуулар коюлбайт. Кыргызстандан жаңы келген конок болсо, анда дасторкон өтө жөнөкөй жана жупуну жайылгандай сезим калтырат. Конок келгенде эле аперо сунушталат. Ал 1-тамактан мурда тартууланган майда ооз тийчу тамактар. Аператив катары: майда бөлүккө бөлүнгөн, үстүнө сыр сүйкөлгөн нандын түрлөру, туздалган зайтун, бадыраң, чипсы коюлат. Таттуу суусундуктар анан сөзсүз түрдө жергиликтүү шараптын ак, кызыл түстөрү тартууланат.

Ал эми аперодо дасторконго отурбай, ары бери басып, үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп, убакыт өткөрүшөт. Андан соң келгендер дасторконго чакырылат. Жеңил салаттан кийин ортого тамак келет. Кышында швейцариялыктар чогулганда сөзсүз сырдан даярдалган раклет же фондю жешет. Ортого чоподон жасалган идиш коюлуп, анын астына атайын идиштеги отту жандырып, сырды эритип, майда бөлүктөргө бөлүнгөн нанды кошуп тамактанышат. Бул өтө сыйлуу тамак деп эсептелет. Эриген сырдын жыты буркурап тарайт, өтө ток жана майлуу тамактан кийин кофе же чай берилет. Анан да, албетте, десерт менен столдогу отуруш жыйынтыкталат.

Баса, даярдалган тамак эртеси күнгө калбайт, ошол күнгө баары алдын ала пландалгандан, баштык менен узатышпайт. Ашып кетсе эле, жей албаган десертинизди кошо салып бериши мүмкүн. Узатарда кийим белекке берүү орунсуз деп эсептелет. Ал кийим-кече коноктун табитине топ келбей калышы мүмкүн. Анын үстүнө белекти европалыктар Рождество же туулган күндө гана бербесе, башка учурда ашыкча, жөнсүз чыгым катары эсептешет.

 Манат Сулайманова, Швейцария

1 пикир

1 пикир

  1. Максутова

    25.10.2018 02:00

    Кыргыздарда аябай ашыкча жоролголор салттар коп.ашыкча чыгым коп болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM