Биз менен байланышыңыз

УКМК: Атамбаевдин жансакчылары кыскартылган жок

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 641 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары азайтылганы тууралуу маалыматты четке какты.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдиргендей, учурда экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын саны бирдей.

Эске салсак, бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары кыскартылганын КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Маралга” тастыктаган.

Ал Атамбаевдин канча жансакчысы эмне себептен кыскартылганы боюнча маалыматы жоктугун айткан. Ал эми Твиттер социалдык тармагына Атамбаевдин 6 жансакчысы кыскартылып, экөө гана калганы тууралуу маалымат тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM