Биз менен байланышыңыз

Абанын табы 20 градуска чейин жогорулайт

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 682 | 0

23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз +13…+18;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;

Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз +8…+13;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +18…+20.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM