Биз менен байланышыңыз

Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланды

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 741 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыялады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Жогорку Сот 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырганын тастыктады.  Анда Илмиянов Кыргызстанга келгенде 48 саттын ичинде УКМКнын тергөө абагына камакка алынышы керектиги айтылган.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева менен байланышканыбызда, ал Илмияновдун үстүнөн ишкер арызданганын, ошонун негизинде кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле Илмиянов менен жай мезгилинен бери байланыша электигин билдирди.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын деген адамдарынын бири Икрамжан Илмиянов учурда кайсы өлкөдө экени белгисиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM