Биз менен байланышыңыз

Тышкы саясатты жаш дипломат жетектейт

Саясат | 17 Окт 2018 | 1289 | 0

Жогорку Кеӊеш Тышкы иштер министрлик кызматына Чыӊгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырды. Аны депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Өкмөт башчы Айдарбеков тажрыйбалуу кесипкөй дипломаттардын бири экенин айтып, ошондон улам министрликке толук татыктуу талапкер деп ишеним арткан. Жогорку Кеңеш колдогон талапкерди президент Сооронбай Жээнбеков министр кылып бекитти.

Парламентте тышкы иштер министрлигине Чыӊгыз Айдарбековдун талапкерлигин 101 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок.

Айдарбековдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн. Премьер-министрдин пикиринде, ал – тажрыйбалуу, кесипкөй дипломаттардын бири.

Жаңы өкмөт мүчөсүн колдоп бергениңиздерге рахмат. Президент тышкы саясатты жогорку деңгээлге көтөрүүнү баштап жатат. Аны ишке ашыруучу оң колу ушул Чыңгыз Айдарбеков болуп эсептелет. Ал тышкы саясатты тескеген жооптуу иште өзүн көрсөтө аларынан үмүтүм чоң.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар талапкер эгер колдоо тапса бүтүндөй бир жооптуу министрликти кантип башкарарына кызыгышты. Айдарбеков негизи сунуш күтүүсүз болгондугун, бирок жоопкерчиликти толук кандуу сезе билерин, өлкөнүн тышкы саясатын жолго коюуга бар күч-аракети менен иштерин билдирди.

-Көпчүлүк үчүн мен жаш көрүнөт окшоймун. Бирок кеп анда эмес. Сөзсүз түрдө чоң жоопкерчиликти сеземин. Мага бул жагдай күтүүсүз болду. Мен толук кандуу кызмат кылууга даярмын.

Ошондой эле бир катар депутаттар Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилеринин ишмердүүлүгүнө катуу көзөмөл кылууга чакырышты.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров жаңы министр эмгек жолунда көптөгөн тепкичтерди басып өткөнүн айтып, «иштегенге тажрыйбасы жетиштүү» деди.

-Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештен чыккан кадр. Элчи болуп дагы кызмат кылды. Биз кадрларды даярдашыбыз керек. Ошондуктан Жогорку Кеңештен чыккан дипломаттарды дайыма колдойбуз. Эл аралык мамилелер боюнча башкармалыкта иштеди. Эгерде башка тармактан келген болсо, анда колдобойт элек.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров Айдарбековду сыртынан тааный турганын айтып, министрди тышкы саясатта Кыргызстанды татыктуу таанытууга чакырды.

-Тышкы иштер министрине абдан тажрыйбалуу, эл аралык мамилени түшүнгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору койгон инсан керек. Ал эми Айдарбековду сыртынан тааныймын, бирок жеке мамилем жок. Анын эмгек тажрыйбасы менен таанышып чыктым. Ишин убакыт көрсөтөт. Негизинен, министр – Кыргызстандын жүзү. Ошого татыктуу болушу зарыл.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жаш жетекчи эч нерсеге азгырылбай, өзүнүн аты жана аброю үчүн иштөөсү керектигин эскертти.

-Айдарбеков бардык жагынан келишкен кадр экен. Ал тышкы иштер министрлигине татыктуу. Бирок жалтырак азгырыктарга кирип кетпеши керек. Буга чейин жаштар кызматка келсин деп, жетекчилик орундарына дайындадык. Алар акчага алданып, арты жаман болуп камалышты. Ушуну эске алып койсо.

Кыргызстандын жарандары айрым өлкөлөргө виза алуусу кыйын болуп жатканын айткан «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов бул маселеге министрди көңүл бурууга чакырды.

-Мен Чыңгыз Айдарбеков тууралуу жакшы же жаман деп эч нерсе айта албаймын. Бирок сунушум бар. Кытай жарандары биздин өлкөгө кыйналбай эле кирип жатат. Биздин жарандар Кытайга виза ачтыра албай, кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Ушул маселени карап койсоңуз.

Белгилей кетсек, Чыӊгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү, юридика илимдеринин кандидаты. Ал өзүнүн эмгек жолун Тышкы иштер министрлигинен баштап, 20 жылдан бери жооптуу дипломатиялык кызматтарда эмгектенип келет. Анын ичинде 5 жыл Жогорку Кеӊештин Эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга чейин Кыргызстандын Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп турган.

Copyright © 2017 Maral FM