Биз менен байланышыңыз

“Ак Бата” конушунда акысыз медициналык консультация берилет

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 2208 | 0

Бүгүн, 17-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Бириккен улуттар уюму тарабынан Бишкектеги “Ак-Бата” конушунун тургундарына репродуктивдик саламаттык боюнча акысыз консультация берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бул иш-чара эки дарылоо-диагностикалык клиниканын көмөгү менен ишке ашат. Анда 17-октябрда тургундар саат 11:00-18:00 аралыгында гинеколог, уролог, маммологдон, ультраүндүк изилдөө боюнча акысыз консультацияларды ала алышат.

Уюмдун маалыматы боюнча, үй-бүлөдөгү балдардын саны, алардын төрөлүү аралыгы өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө түрткү берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM