Биз менен байланышыңыз

Москвада кыргызстандыктардын мушташы адам өлүмүнө алып келди

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 637 | 0

Москва шаарынын “Кузьминка” метросу районунда кыргыз жарандары мушташып, 1999-жылы туулган кыргызстандык мерт болду.

Элчиликтин маалыматы боюнча 13-октябрда “Макдональдс” тез тамактануучу жайында бир топ кыргыз жараны мушташкан. Бычакталган “А.Ж” аттуу бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилип, 14-октябрда көз жумду.

Сөөктү мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү документтер даярдалганы, бычактаган балага карата кылмыш иши козголгону кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM