Биз менен байланышыңыз

17-октябрда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 583 | 0

17-октябрда өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суулуу кар жармашат. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн үшүк жүрүп, абанын табы -1…-3 суук, күндүз 0…+5;

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн үшүк жүрүп, абанын табы 0…-2 градуска чейин төмөндөйт, күндүз +4…+9;

Ысык-Көл жана Нарында түнкүсүн 0…-5 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 0…+5;

Бишкек шаарында кар жаашы мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+3 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM