Биз менен байланышыңыз

Дооматы күч дипломаттар кызматсыз калды

Саясат | 12 Окт 2018 | 1265 | 0

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана өлкөнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ээлген кызматынан бошотулду. Тиешелүү документке президент кол койду. Буга чейин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси аталган министрликте мыйзам бузуулар катталып жатканын айтып чыккан. Анын негизинде Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы иликтөө жүргүзүп, министрликте кадр дайындоодо одоно кемчиликтерди аныктаган.  Ал эми элчи Кылычбек Султандын Малайзиядагы жана Кореядагы дипломатиялык миссияны жетектеп турган мезгилде мыйзамды бузгандыгы айтылды.

Коопсуздук Кеңеши Кылычбек Султан жарыялаган маалыматтар жана Тышкы иштер министринин аны кызматтан бошотуу сунушу боюнча иликтөөсүн жарыялады.

Элчи Кылычбек Султан иликтөөдө жарыяланган өзү тууралуу маалыматтын 90 пайызы чындыкка дал келбестигин айтты. Ал ушундай иликтөөнүн башында турган президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев менен Тышкы иштер министринин кызматтан кеткен жетекчиси Эрлан Абдылдаев турарын билдирди.

-Айтылган маалыматтардын 90% калп. Бул жерде Тышкы иштер иштер министрине коюлган айыпты көргөн жокмун. ТИМге үстүртөн айтышыптыр. Мага көп айыптарды жазышкан. Бул атайын жасалган кадамдар. Эгер Коопсуздук Кеңеши буюртмаларды аткарбай турган болсо, мен айткан адамдарды (ред: мурунку тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди) убактылуу болсо да кызматтан четтетиши керек эле. Ал эми ТИМ маалыматтарды өзү каалагандай берди. Буга президент эмне үчүн көз жумуп жатат? Мага коюлган жалаалар ТИМ менен чогуу чечиле турган маселелер болчу. Эмне үчүн коррупция тууралуу айткандарымды 6 айдан бери укпай келишти? Эми өздөрүнүн былык иштерин жашыра албай, аргасыздан ушундай чечимге барышты.

Ошону менен бирге Кылычбек Султан социалдык тармакта азыркы бийликти тануудан баш тартып, чет өлкөдөн башпаанек сурап кайрылганын жазды.

Ал эми Тышкы иштер министрлигине кадр тандоодо жетекчилик тарабынан олуттуу кемчиликтер кеткени аныкталган. Коюлган айып боюнча аталган мекеме азырынча өз пикирин билдире элек. Андан көп өтпөй эле Эрлан Абдылдаев ээлеген кызматынан өз арызы менен кетти. Тиешелүү документке президент кол койгон.

Дипломат Кубан Мамбеталиев Абдылдаевдин кызматтан кетүүсүн туура кадам катары баалайт.

Анын пикиринде, Абдылдаев Атамбаев бийликтен кеткен учурда эле кызматын тапшырып берүүсү керек эле.

-Кызматтан кеткени жакшы болду. Азыркы кадр саясаты ушундай жүрүшү керек. Элчинин билидирип чыккандары мамлекеттик сыр эмес. Ал коррупцияны айтып чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Абдылдаев министр болуп иштеп, жумуштун натыйжасын жакшы көрсөтө алды деген ойдо. Кемчилигин мойнуна алып, өз эрки менен кызматтан кетүүсүн жигиттик деп баалады.

-Биздин комитет менен Абдылдаев тыгыз, жакшы иштешти. Коопсуздук кеңеши айып койгондон кийин кызматын тапшырып жигитчилик кылды. Кээ бир жетекчилер күнөөлүү болсо деле ордун бербей жүргөндөр болгон.

Саясат талдоочу Марс Сариев элчи кызматтык этиканын сактабаганын белгилеп, министрликтеги былыктарды отставкага кеткенден кийин айтып чыкса туура болмок деди. Ал эми ТИМдеги кадрлар президент тарабынан тандалып келгенин айтып, мында министрдин күнөөсү жок деп эсептейт.

Тышкы иштер министрлигине кадр тандоодо жетекчилик тарабынан олуттуу кемчиликтер кеткени аныкталды. Бул министрдин эмес системанын кемчилиги. Себеби кадрларды тандоодо, ошол эле Кылычбек Султанды элчи кылып дайындоо министр эмес андан жогору турган президент чечкен. Бул ошол кездеги саясатка жараша болчу. Азыр деле дайындоолордо саясат аралашып кетүүдө. Коопсуздук кеңештин  жыйынтыгы туура эле чыкты. Мындан кийин кесипкөй дипломаттарды элчи кылып дайындоо керек. Саясий конъюнктурага таянбоо зарыл.

Юрист Кайрат Осмоналиев болсо аталган министрликте одоно мыйзам бузуулар боюнча фактылар бар экенин белгиледи.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңештин иликтөөсүнүн негизинде көзөмөл органы Абдылдаевге кылмыш ишин козгоосу керек.

-Коопсуздук кеңеши чыгарган чечим аткарылууга тийиш. Алар иликтеген иштер минималдуу эле. Менин оюмча, эки жетекчи тең отставкага кетүүсү керек эле. Министрге Башкы прокуратура шалаакылык беренеси менен кылмыш ишин козгой алат.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Максат Сабиров коюлуп жаткан айыптар боюнча Башкы прокуратура текшерип чыгып, күнөөсү барлар жоопкерчиликке тартылууга тийиш дейт.

-Биздин комитет таза дипломаттарды шайлоосу керек деп айтып жүрөбүз. Ошол эле министрлик жана элчиликтерге. Анткени алар мамлекеттин жүзү болуп эсептелет. Буга кызматкер татыктуу болуш керек. Интрига сөзсүз өкмөттө башка мекемелерде да болот. Бирок дипломаттар бул нерсени абайлап карашы керек болчу.

Айта кетсек, жогорудагы аныкталган бузуулар боюнча материалдар га укуктук баа берүү үчүн Башкы Прокуратурага жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM