Бүгүнкү күндө өлкөдө элди таза суу менен камсыз кылуу максатын койгон “Ала-Тоо булагы» долбоору үзгүлтүккө учураганы калды. Бул тууралуу бүгүн парламентте айрым депутаттар айтып чыгышты.
11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында айылдарды таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү айтылды.
Депутат Каныбек Иманалиев өлкө аймагы боюнча жүздөгөн айылдар таза суу менен камсыздалбай жаткан маалда бул багытта иш алып барган “Ала-Тоо булагы” долбоору үзгүлтүккө учуроо коркунучу тургандыгын көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, долбоордун жетекчисинин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы айтор, буга чейин ишке ашырылып келаткан долбоорлорду каржылоо токтоп, 14 млрд сомдук иш үзгүлтүккө учураганы жатат.
-Буга байланыштуу жөнөкөй кызматкерлер эмес, 52 инженердик кадрлар иш таштап жатканы дагы бекеринен эмес. Эл аралык уюмдар аталган долбоору каржылоодон баш тартышы мүмкүн.
Эл өкүлү Үмбөталы Кыдыралиев дагы “Ала-Тоо булагынын” Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы ишке ашырып жаткан долбооруна жергиликтүү тургундардан көптөгөн нааразычылыктар келип жаткандыгын билдирди.
—Элдин кайрылуусунда Кербенде таза суу менен камсыздоо иштери курулуш ченемдери такыр сакталбай жүргүзүлүп жатат.
Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров бул маселеге өкмөт тез арада көңүл бурбаса, анда кийинчерээк чоң көйгөй жаратуусу мүмкүн экенин эскертти.
-Эл өкүлдөрү Иманалиев менен Кыдыралиев көтөрүп жаткан таза суу маселесине мен дагы кошуламын. Буга өкмөт тез арада реакция кылсын. Болбосо арты жаман болот.
АРИСке коюлуп жаткан дооматтын чоо-жайына токтолсок, аталган ишканага быйыл жаңы директор болуп Бекполот Айтиев дайындалган. Жыл айланбай, жетекчи тажрыйбасыз деген жүйө менен кызматкерлер жумуш таштоодо.
Мындан улам эл аралык донорлор таза суу үчүн каражат бөлүүнү токтотоорун АРИСтин байкоочу кеңешинин мүчөлөрү коңуроо кагышкан.
Ал эми «Ала-Тоо булагы» жана расмий органдар азырынча жогоруда сөз болгон дооматтарга жооп бере элек.
Экономист Эркин Абдыразаков таза суу боюнча долбоордун үзгүлтүккө учурашына парламенттин деле күнөөсү бар деп эсептейт.
Анын айтымында, депутаттар долбоорлорду ратификациядан өткөрүп, ага жетекчи болгон кызматкердин жоопкерчилигин так аныкташы керек. Ошол эле учурда эл өкүлдөрү өздөрүнүн аймагына гана таза суу чыгаруу менен кызыктар болуп калган.
-Биринчи жетекчи долбоорду эмне үчүн ишке ашырбаганын тактап, жоопкерчиликке тартуу керек. Андан кийин мамлекеттик кызматтарга барбай тургандай чечим кабыл алуу керек. Жогорку Кеңеш өкмөттү уруша берет, бирок ошол эле мезгилде өздөрү да биздин айылда таза суу жок деп эле тааныш фирмаларын түртө бермей адаттары бар да. Ошону үчүн ушул абалга келип жатат. Коллективдүү түрдө же өкмөтү жооп бербейт, атайын түзүлгөн мекемеси жооп берген жок. Жогорку Кеңеш ушундай долбоорлорду ратификация кылууда толук кандуу карап, саясий чечимди чыгаруусу керек. Эгерде андай кылбаса кайталана берет.
Быйыл январь айынан тартып «Ала-Тоо булагы» аттуу долбоор Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен чогуу ишке ашырыла баштады. Аны Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы каржылоодо.
Айта кетсек, Кыргызстанда «Ала-Тоо булагы» программасынын негизинде эки жыл ичинде 115 айылга таза суу берилери айтылган. Учурда 22 гана шаарда таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Аны ишке ашырууга 193 млн евро каралган.