Биз менен байланышыңыз

«Дашман» коругун улуттук жаратылыш паркына айландыруу сунушталды

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1398 | 0

Жалал-Абаддагы «Дашман» жаратылыш коругунун статусун өзгөртүп, аны Улуттук жаратылыш паркына айландыруу боюнча өкмөткө сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында өткөн көчмө жыйынында айтылды.

Жыйында «Дашман мамлекеттик жаратылыш коругу жөнүндөгү» маселе көп талаш-тартышты жараткан маселе болгон. Жалпысы 50 миңдей калк жашаган Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Могол, Талдуу-Булак айыл аймактарынын калкы мына ушул «Дашман» жаратылыш коругу жайгашкан аймакта тиричилик кылып келген. Аталган айыл аймактарында жер үлүштөрү дээрлик жок. 2012-жылы өкмөттүн токтому менен «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругу деген статус алганы элдин жайыттары кыскарып, чөп чабындылары жокко чыгып, мөмө-жемиш терип оокат кылуусу токтогон. Элге уруксат берилбеген менен эбин тапкандардын, колунан келген чоңдордун байый турган обьектисине айланганын жергиликтүүлөр айткан.

Мына ушул корукту улуттук жаратылыш паркына айландыруу маселеси Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров тарабынан көтөрүлгөн. Маселе жеринде жергиликтүү тургундар менен бирге талкууланып, Улуттук жаратылыш паркына айландыруу жагы өкмөткө сунушталды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM