Биз менен байланышыңыз

Казакбаев Бабанов боюнча президентке кайрылуу жасады

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1095 | 0

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутату Руслан Казакбаев парламент жыйынында президентке кайрылуу жолдоду.

Ал мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Таласка жасаган сапарында айткан сөзүн эске салып, Өмүрбек Бабановдун маселесин көтөрдү.

Анын айтымында,  президент Таласта активдүү адамдарды бириктирип, иштөөгө даяр экенин айтты. Президенттик шайлоодо Жээнбековго атаандаш талапкер катары чыккан Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 34 пайызын алган болчу. Аягында шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, колдоп берген жана Жээнбековду куттуктаганын айтты.

Шайлоодон кийин ден соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Өлкө стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашпады. Президентке өзүнүн жана шайлоочулардын атынан бул маселени өз көзөмөлүнө алып, карап берүүсүн суранам,-деди эле өкүлү.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан. Анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү мыйзамга каршы келери белгиленип, ага карата УКМК кылмыш ишин козгогон.  Жакында эле Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Бабановго карата козголгон кылмыш иш учурда токтоп турганын билдирген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM