Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 694 | 0

Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорду кеңейтүү жана реконструкциялоо боюнча «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын ѳнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында мыйзамсыз курулган объектилерди түрттүрүү иштери жүрүп жатат. Анын алкагында Медеров-Токтоналиев кѳчѳлѳрүндѳгү капиталдык курулуш жана жолдун курулушуна тоскоол болгон Оренбург кѳчѳсүндөгү №57 дарегиндеги чарба курулушу түрттүрүлдү.

Ошондой эле Тоголок Молдо кѳчѳсүндөгү №194 турак үйүнүн маңдайына ѳз билемдик менен уруксат документи жое курулган дүкѳн түрттүрүлдү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM