Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Тажикстандын Билим берүү министри келет

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 687 | 0

Тажикстандын Билим  берүү министри Нуриддин Саид Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тажик министри КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин жана илимий кызматкерлеринин V съездине катышат. Съездге аны менен кошо 17 адамдан турган делегация келет.

Алар Тажикстандын билим берүү мимнистрлигинин мектепке чейин жана орто билим берүү башкармалыгынын жетекчиси, Тажикстандын билим берүү академиясынын президенти, билим берүү тармагындагы кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу республикалык институтунун ректору жана башкалар болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM