Бишкек шаарында 2018-жылы капиталдык курулуш беренеси боюнча 531 млн сом каралган. Бул тууралуу шаар мэри Азиз Суракматов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
2017-2018-жылдары Кытайдын гранттык каражатына жалпы 90 чакырымдык 47 көчөнүн капиталдык ремонту жана курулушу бүткөрүлдү.
Ал эми 2019-жылы жалпысы 70 чакырымдык 60 көчөнү ремонттоо пландаштырылууда.