Биз менен байланышыңыз

Президент өкмөттүн жана парламенттин мурунку жетекчилери менен жолугат

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 705 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн маданият, илим, билим ишмерлери, өкмөт жана парламенттин мурдагы жетекчилери, Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылган өнөктөштөр менен да жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-октябрда Талас облусундагы иш сапары учурунда айтты.

Жээнбеков эл арасында аттуу-баштуу, мамлекеттин ишине өз салымын кошчу адамдар көп экенин, мурда өкмөттү жана парламентти жетектеген инсандар менен да ачык сүйлөшүп, өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык актуалдуу маселелери боюнча пикир алышууга ниети бар экенин билдирди.

Ал мындай кадам менен коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошом деген бардык активдүү адамдардын башын бириктирүүнү көздөөдө.

«Мамлекетибизди өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсо, бардык максаттарга жетебиз. Жалпы кыргызстандыктар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бирдиктүү болгондо гана Кыргызстан туруктуу өнүгөт”, — деди президент.

Эске салсак, мамлекет башчы буга чейин бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери, бизнес коомчулугу менен да жолуккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM