Түркиянын Трабзон шаарындагы рейддин жүрүшүндө 5 кыргыз кыз-келиндери кармалган. Бул тууралуу Haberler интернет сайты жазды.
Рейдде 10 мейманкана, кафе жана ресторандарга тинтүү жүргүзүлгөн. Жалпысынан 257 адам катталып, сурамжылоодон 63ү чет өлкөлүк аялдар экендиги белгилүү болгон.
Түркиянын Миграция башкармалыгы тарабынан алардын 61и өлкөдөн чыгарылган.