Биз менен байланышыңыз

Жантөрө Сатыбалдиев ооруканадан тергөө абагына которулду

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 592 | 0

Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканадан тергөө абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, учурда Сатыбалдиевдин ден соолугунун абалы туруктуу.

Эске салсак, Сатыбалидев кардиологиялык борборго сентябрь айында которулган. Анын 2013-жылы инфаркт болгону, буга байланыштуу медициналык кароодон өтүшү керектигин жактоочусу талап кылган.

Сатыбалдиев Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM