Биз менен байланышыңыз

Бишкекте КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин съезди өтөт

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 645 | 0

Бишкекте 11-12-октябрда КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин жана илимий кызматкерлеринин V съезди өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Съезддин ачылышы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп, кийинчерээк секциялык жыйналыштын катышуучуларынын университеттер жана мектептер менен таанышуусу менен уланат.

КМШ мамлекеттердин мыкты мугалимдери жана илимий кызматкерлери «Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланат.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин көргөзмө экспозициясы болот. Ошону менен катар «Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин тынымсыз өнүгүү максатын көздөгөн контекстеги билим берүү системасынын өнүгүшү» темасында жыйналыш өтөт.

Бул жыйналыш интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө шарт түзүүгө, КМШ мамлекеттеринин карым-катнашын жакшыртып, билим берүү үчүн жаңы формаларды, механизмдерди  биргеликте издөөгө өбөлгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM