Биз менен байланышыңыз

10-октябрда Бүткүл дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү белгиленет

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 947 | 0

10-октябрда Бүткүл дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү белгиленет. Буга байланыштуу Кыргызстанда тегерек стол өткөрүлүп, психикалык саламаттыктын көйгөйлөрү жана  жетишкендиктери талкууланат.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле 10-ноябрга чейин психикалык саламаттык айы жарыяланат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, дүйнөдө 450 млн адам психикалык жактан жабыр тартып келет. Ар бир адам күнүмдүк турмушта стресстик абалдарга (социалдык, физикалык, экономикалык, саясий, психологиялык) дуушар болот.

Өкмөттүн токтому менен 2018-2030-жылдарга карата калктын психикалык саламаттыгын сактоо документи бекитилген. Анын алкагында учурда Ош, Кара-Суу, Сузак, Жалал-Абад, Базар-Коргон,  Кадамжай, Кызыл-Кия, Ноокат, Талас, Нарын, Каракол шаарларынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дисциплинар аралык топтор иш алып барып келет.

Алар психикалык саламаттык үчүн дарылоо-профилактикалык жардамды көрсөтүп, үй-бүлөлүк дарыгерлердин топтору менен карым-катнашты жакшыртып, медайымдардын кызматтарын арттырып, профилактикалык чараларды көрүп, психикалык жактан жабыр тарткандарды көзөмөлдөөгө үйрөтүшөт.

Ушул убакка чейин аталган топтун кызматынан психикалык жактан жабыр тарткан 691 үй-бүлө пайдаланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM