Биз менен байланышыңыз

Спикер орусиялык кесиптеши менен эки тараптуу алаканы талкуулады

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 594 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Анда Вячеслав Володин эки тараптуу алаканын өнүгүп жатканын белгилеп, жакынкы аралыкта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына кыргыз парламентинин өкүлдөрүн чакырды.

Дастанбек Жумабеков Евразия өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүнүн жыйыны парламенттер аралык мамиленин эки жактуу жана ар тараптуу өнүгүшүн шарттаган иш-чарага айланарын айтты.

Белгилей кетскек, бүгун, 8-октябрда Түркияда Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III жыйыны өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM