Биз менен байланышыңыз

Лунара Мамытованын отставкага кеткени айтылууда

Без рубрики | 9 Окт 2018 | 597 | 0

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын арыз жазып отставкага кеткени тууралуу кабар тарады. Министрлик бул маалыматты тастыктаган да четке каккан да жок.

Лунара Мамытова өзү расмий билдирүү бере элек.

Эске салсак, Башкы прокуратура Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери 26 жолу чет өлкөгө сапарга чыгышканын аныктаган. Анын ичинде министр Исакунова тогуз жолу, орун басарлары Зууракан Каденова он жолу, Лунара Мамытова үч, Жылдыз Полотова төрт жолу сапарга чыккан.

Чет жакка сапарга чыккан соң жогоруда аты аталган жетекчилер Тышкы иштер министрлигине маалымат берген эмес, ал эми Таалайкүл Исакунова жана Лунара Мамытова дипломатиялык паспортун тапшырган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM