Биз менен байланышыңыз

Аткезчилик товарларынан 4 млн сом өндүрүлдү

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 1751 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бажы кызматы менен биргеликте аткезчилик жол менен ташылган жүктөрдү аныктоо иш-чараларынын алкагында мамлекетке 4 млн сомдон ашык каражат кайтарышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында “Кызыл-Бел-Автодорожный” көзөмөл өткөрүү пунктунда КМШ мамлекеттеринен келе жаткан эки жүк ташуучу унаа Кыргызстан аркылуу Тажикстанга өтүп бара жаткандыгы аныкталган.

Бул унааларда эл колдонуучу товардын ордуна тигүү продукциясынын тиккенден кийинки калдыктары жүктөлгөн. Анын суммасы 16 млн 173 миң 104 сомду түзгөн. Бажы төлөмү болжол менен 7 млн сомду түзмөк.

Бул факты боюнча УКМК 2 кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн натыйжасында 4 млн 158 миң 610 сом мамлекетке кайтарылды.

Белгилей кетсек, УКМК коррупциялык иштерден жалпысынан 153 млн 651 миң 940 сом өндүрүп, бирдиктүү эсепке которду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM