Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратурага 6 жылда кыйноолор боюнча 2 миңдей арыз түшкөн

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 711 | 0

Башкы прокуратурага 6 жыл ичинде кыйноолор боюнча 2 миңдей арыз түшкөн. Бул тууралуу “КРдагы кыйноолордун кесепеттеринин баасы” изилдөөсүнүн жетекчиси Аида Парпиева Бишкекте өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, 6 жыл ичинде кыйноо фактылары боюнча 1 миң 900 кайрылуу түшкөн. Бирок кыйноого кабылгандардын 60 пайызы гана арыз жазып кайрылат.

Адистер белгилегендей, өлкөдөгү ар бир үчүнчү адам кыйноолорго кабылат. Көпчүлүк адамдар өздөрүнүн укуктарын билбей, көйгөйлөрү тууралуу айтпай коюшат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM