Биз менен байланышыңыз

Кыздардын укугун коргоо боюнча ачык маек уюштурулат

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 2335 | 0

11-октябрь — эл аралык кыздар күнүнө карата “Балдарды коргоо” борбору окуучулардын ортосунда ачык маек уюштурат. Жолугушууда кыздардын укуктарын коргоо, жаңы конуштарда жашаган өспүрүм кыздардын “Чыгаан кыздар” темасында жазган дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо жана сыйлык берүү аземи өтөт.

Маалыматтар боюнча, мигранттардын балдарынын арасынан өзгөчө коркунучка өспүрүм кыздар дуушар болот. БУУнун аялдар түзүмүнүн маалыматына ылайык, Кыргызстандагы 15-49 жаштар арасындагы бардык аялдардын 23 пайызы зордук-зомбулукка кабылган.

Жаңы конуштарда, өзгөчө оор турмуштук жагдайларда жашаган өспүрүм кыздардын көбүнчө документтери жок, мектепке барбай, эрте турмуш курушат. Кыздардын өздөрүнө болгон ишеними төмөн болгондугуна байланыштуу, социалдык көндүмдөрүнүн жотугунан, үй-бүлөдөгү жана коомдогу гендердик стереотиптер айынан жогорку билим алууга жана жашоодогу өздөрүнүн ордун табууга, жеке потенциалын ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрү жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы 2011-жылы кыздардын укуктарын коргоо максатында 11-октябрь күнүн Эл аралык кыздардын күнү катары жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM