Биз менен байланышыңыз

2019-жылы Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кеңешинин экинчи жыйыны өтөт

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 506 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркияда өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III жыйынынын алкагында Казакстан мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту.

Анда Жумабеков эки элдин достук мамилеси жөнүндө сөз болуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү.

Нурлан Нигматулин эки өлкөнүн жарым миллиард долларды түзгөн соода-экономикалык жүгүртүүсүнүн көлөмүн 2020-жылга карата бир миллиард долларга чейин жеткирүү зарылдыгын айтты.

Андан тышкары, жолугушууда 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кеңешинин экинчи жыйынын Бишкек шаарында өткөрүү маселеси да талкууланды.

Ошондой эле тараптар парламенттеги тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө токтолушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM