Биз менен байланышыңыз

КСДП: Жумагулов партиянын иштерине активдүү катышкан

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 691 | 0

Социал демократтар партиясы Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагуловдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Кайрылууда Султанбек Жумагулов КСДПнын шайлоо алдындагы өнөктүктөрүндө жана президенттик шайлоодо аталган партиянын талапкерлерин шайлоо алдындагы өнөктүктөрдө активдүү катышканы айтылат.

Мындан тышкары, ата мекендик маданияттын өнүгүүсүнө чоң кызмат өтөгөнү, эмгек жолун жаштар гезитинин журналисти болуп иштөөдөн баштаганы белгиленет.

Акыркы жылдары Султанбек Жумагулов мамлекеттик кызматта иштеп, кесипкөйлүктүн, ачык-айкындуулуктун жана чынчылдыктын үлгүсүн көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM