Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги веложолдун курулушу бир айдан кийин бүтөт

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 491 | 0

Бишкектин Түштүк магистралында тротуар жана веложол куруу иштери 1-ноябрга чейин толугу менен бүткөрүлөт. Учурда иштин 70 пайызы соңуна чыккан.

Маалым болгондой, Түштүк магистралдын эки тарабына тең жөө адамдар үчүн жол курулуп, Байтик баатыр көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин созулат. Жалпы узундугу 7 чакырымды түзөт.

Ага катарлаш магистралга велосипед тебүүгө ылайыкталган жол ачылат. Анын эки чети жарыктандырылып, 200 отургуч жана 400 даана таштанды челек коюлат. Мындан сырткары, Ала-арча дарыясынын үстүнө жөө адамдар өтүүчү эки көпүрө курулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM