Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Талас облусуна иш сапары менен барды

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 722 | 0

Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков иш сапарынын алкагында аталган облустун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда болот. Ошондой эле төө буурчакты кайра иштетүү заводунун жана айыл жеринде жаңы мектептин ачылыштарына катышат.

Андан тышкары айыл чарба кооперативдеринин жана Казакстан менен чек арадагы «Чоң- Капка-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун иштери менен таанышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM