Биз менен байланышыңыз

Финполиция жемкорлордон дагы 3 млн сом өндүрдү

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 678 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы коррупциядан өндүрүлгөн каражаттан бирдиктүү эсепке дагы 3 млн 938 миң 831 сом которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин бирдиктүү эсепке которгон жалпы суммасы 176 млн 598 миң 734 сомго жетти.

Белгилей кетсек, коррупциялык иштерден кайра өндүрүлгөн каражат өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бирдиктүү эсепке чогулган каражатка мектеп куруу сунушун киргизген.

Кошумчалай кетсек, 9 айда 1229 экономикалык укук бузуу фактысы катталып, мамлекетке  4 млрд 762 млн сом зыян келтирилген. Аталган сумманын 59 пайызы өлкө казынасына кайтарылган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. Мындай маалыматты Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев «Марал» радиосуна билдирген.

Жыл башынан бери коррупциялык көрүнүштөр боюнча 272 кылмыш иши козголуп, бюджетке 51 млн сом кайтарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM