11-октябрга чейин Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.
“Газпром Кыргызстан” ишканасы маалымдагандай, 8-9- октябрда Орто-Сай айылынын Лесхозная, Карбоз уулу, Иманалиев, Ормокеев, Рысмендеев көчөлөрүнүн аймагында;
— 9-10-октябрда Бишкек шаарынын Власов 57-95 көчөсүндө;
-10-11-октябрда Бишкек шаарынын Шукуров 81-89 көчөсүндө өчөт.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.