Биз менен байланышыңыз

Нарындагы убактылуу кармоочу жайларындагы абал текшерилди

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 611 | 0

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Нарын облусундагы убактылуу кармоо жайларына мониторинг жасашты. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.

Анда Кочкор райондук, Нарын шаардык жана Ат-Башы райондук, Жумгал райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайлары текшерилди.

Анда текшерүүнүн жыйынтыгында убактылуу кармоочу жайда кармалып жаткандарга медициналык жардам көрсөтүү муктаждыгы, адам кармалганы тууралуу бекитилген бир түрдүү документ жоктугу, медициналык күбөлүктөр бекитилген эместиги, отчеттор жок экендиги аныкталды.

Ред учурунда жашыруун сурамжылоо жүргүзүлүп, ага катышкан он жарандын төртөө кармоо учурунда жана тергөөгө чейин укук коргоо органдары тарабынан күч колдонулганын айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM